MegaCom Баткен облусундагы абоненттерин АКЫСЫЗ БАЙЛАНЫШ менен камсыздайт

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргыз-тажик чек арасында орун алган абал толугу менен жөнгө салынганга чейин, Баткен облусундагы бардык абоненттерин уюлдук байланыш жана интернет менен акысыз камсыздайт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абал курчуп турган маалда аталган аймактагы мекендештерибиздин үзгүлтүксүз байланышта болуп туруусу жана жакындары менен зарыл болгон учурда тез байланышуусу өтө маанилүү.

Ушуга байланыштуу мобилдик оператордун жетекчилиги тарабынан түйүн ичинде чектөөсүз чалууларды, түйүндөн тышкары 5 мүнөттү, түйүн ичинде 50 SMSти жана түйүндөн тышкары 5 SMSти, жана да 1 Гб интернет-трафикти өз ичине камтыган акысыз топтом менен Баткен жергесиндеги MegaCom абоненттерин камсыздоо чечими кабыл алынды.

Баткен эли, биз сиздер мененбиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан