Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек арадагы кырдаалды талкуулады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашты.

"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт. Ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан