"РСК Банктын" эмгек жамааты Баткенде жабыр тарткан тургундарына бир күндүк эмгек акыларын которот

Бүгүнкү күндө бүтүндөй кыргызстандыктар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга жүрөгү сыздап көз салып турушат. Коомчулук Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам берүү үчүн бир муштумдай болуп биригип жатат.

Ушундай оор күндөрдө «РСК Банктын» жетекчилиги жана жалпы эмгек жамааты Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына жардам катары өз салымын кошуу максатында бир күндүк эмгек акыларын жөнөтүүнү чечишти.

"Биз Куттуу Кыргыз жерибизде тынчтык жана бейпилдик тезирээк орнооруна ишенебиз", - деп белгиледи «РСК Банк» ААК Башкармасынын төрагасы Кадырбек Букуев.

Бүгүнкү күндө биздин мекендештерибиздин колдоого ар бир адам өз салымын кошо алат. Акча каражаттарын RSK24 мобилдүү банкинг аркылуу, ошондой эле, гуманитардык жардамды кабыл алуу пунктунун жанында, Кожомкул атындагы спорт сарайында орнотулган «РСК Банктын» терминалдарынан которууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан