Президент Баткен, Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча жарлыкка кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен жана Ош облустарында жабыр тарткан жарандардын жашоо-турмушу жана уюмдар үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында мамлекеттик комиссия түзүлөт.

Комиссия жабыр тарткан жарандардын жана юридикалык жактардын менчигине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча тартиптин долбоорун иштеп чыгат жана Министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизет.

Ошондой эле куралдуу кол салуу убагында жабыр тарткан жарандардын, курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, жаракат алгандардын, турак жайынан, мүлкүнөн айрылгандардын жана документтерин жоготкондордун тизмесин түзөт.

Министрлер кабинети курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга материалдык жардам берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо, жабыр тарткан жарандарга кийин жаңы турак үйлөрдү курууну камсыз кылуу менен убактылуу турак жай берүү, куралдуу кол салууга кабылган аймактарга биринчи зарылчылыктагы азык-түлүк, кийим, дары өңдүү каражаттарды үзгүлтүксүз жеткирүү жана талкаланган бардык инфраструктураны калыбына келтирип, камсыз кылуу өңдүү иш-чараларды жасайт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан