Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго көңүл айтуу телеграммасын жолдоду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө башчы Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Баткен облусунда каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматта айтылгандай, Токаев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон аскер кызматкерлеринин жана жай тургундардын өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу өзүнүн жана жалпы казак элинин атынан көңүл айткан.

Ошондой эле телеграммада коңшу өлкөлөр кандай гана маселе болбосун тынчтык жана саясий-дипломатиялык жол менен чечүүсү маанилүү экендигин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан