Жанар Акаев: "10 миңдей этникалык кыргыз документ ала албай жүрөт"

Учурда Кыргызстанда 10 миңдей башка өлкөлөрдөн көчүп келген этникалык кыргыз документи жок жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Жанар Акаев билдирди.

“Кыргызстанда ушул тапта расмий эмес маалыматтарга караганда жашы 18ден жогору, бирок аты-жөнүн тастыктоочу документи жок жалпы 10 миңдей этникалык кыргыз бар экен. Алардын айрымдарынын паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен. Айтор документинин жоктугунан улам медициналык кароо, билим алуу өңдүү бир катар маселелерде түйшүк тартып жатышат. Санариптештирүү шартында бизге башка мамлекеттерден көчүп келген кайрылмандарыбызды, боордошторубузду азапка салбай, документ берүүдө бир топ жеңилдиктерди беришибиз керек", - деди ал.

Жыйында этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик жеңилдиктерге байланыштуу өкмөт жана депутаттар иштеп чыккан эки мыйзам долбоорунун мазмуну окшош болгондуктан биринчи окууда чогуу талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан