"Келсе чатак чыгат". Балбак Түлөбаев Тажикстандын президентине эскертүү берди

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев Тажикстандын бийлигине кайрылуу жасап, алардын аскерлерин мындан ары Кыргызстанга машыгууларга жибербөө талабын койду.

"Тажикстандын президентине жана коргоо министрине кайрылам, мындан ары аскерлериңерди Кыргызстандагы машыгууларга жөнөтпөгүлө. Биз аларды күтпөй элебиз. Ошондой эле биздин жоокерлерди да жибербегиле. Тажикстандын аскерлери мындан кийин биздин жерге таптакыр келбесин! Мына октябрь айында машыгуу болот экен, биз аларды күткөн жокпуз. Келсе чатак чыгат", - деди ал.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакка Тажикстандын аскерлери барып жайгаша баштаган жана Кыргызстандын аскерлеринин аларга карата ошол жерден кетүү талабына көнбөй, тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган, бирок ал күнү ок атышуу сүйлөшүү жолу менен токтогон.

16-сентябрда Тажик Республикасы тынч жаткан Кыргыз Республикасына кол салды. Маалыматка ылайык, тажик тарап буга чейин сүйлөшүлгөн бардык келишимдерди бузуп, саат 06:00 чамасында Кыргызстандын чек арасына аскерин тартып келип, куралдуу күчтөрдү, аскердик оор техникаларды колдонуу менен чек ара постторун жана калк жашаган аймакты аткылаган.

Тажикстан мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала жайгаштырып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуу менен чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлери катары аныкталбаган адамдар куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын билдирген.

Бүгүнкү күнгө карата тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 59га жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар. Ал эми жаракат алган жарандардын саны 198ге жетти.

Жогорку Кеңеш 21.09.22
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан