Forester компаниясы Баткен облусундагы жабыркагандарга 10 миллион сом которду

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкка колдоо көрсөтүү максатында Каржы министрлиги ачкан атайын эсепке “ Forester ” бөлүштүрүү компаниясы баткендиктерге жардам катары 10 миллион сом которду.

“Ушул оор мезгилде биригип, бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Биз кыргыз элинин күчү биримдикте жана өз ара жардамда экенине чын жүрөктөн ишенебиз жана биздин компаниядан бөлүнгөн 10 миллион сом өлчөмүндөгү каражат кырдаалды калыбына келтирүү процессин тездетет”, - деп белгилейт компаниядан.

Корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында компания кырдаалдын биринчи күнүнөн тарта тамак-аш жана өмүрдү сактап калуучу дары-дармектер түрүндө жардам көрсөтүп келет. 600 миң сомдон ашык каражат Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Компания курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркаган кыргызстандыктардын тезирээк сакайып кетишин каалайт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан