Депутат: "Асман шаарын коё туруп, абадан коргонуучу система сатып алалы"

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу чек араны бекемдөө үчүн ири долбоорлорду токтото турууну сунуштады.
"Рахмон өзүнүн бийлигин сактап калыш үчүн бардык күчүн жумшап, элдин көңүлүн Кыргызстанга буруп, душман катары көрсөтүп жатат. Андыктан биз абадан коргонуучу системаларды сатып алуу үчүн мега долбоорлорду, "Асман" шаарын, футбол стадионун курууну токтото турушубуз керек. Мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн болгон чараларды көрүү абзел",- деди ал.
Мындан тышкары Жусупбек Коргонбай уулу чек арага жакын жашаган тургундардын армияга жарактуу мүчөлөрүнө курал-жарак таратуу керектигин айтты.



Жогорку Кеңеш 21.09.22
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан