Баткен облусунун башчысы чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат берди

21-сентябрдан 22-сентябрга караган түнү Баткен облусундагы чек арадагы кырдаал тынч өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

"Кечээ күнү эки облустун жетекчилери, күч структураларынын өкүлдөрү менен биргеликте чек арада тынчтыкты сактоо багытында бир канча жумуштарды алып бардык. Бүгүн дагы улантабыз. Акыркы күндөрү социалдык тармакка айрым интернет колдонуучулары тарабынан такталбаган маалыматтар таркалып жатат. Ошондуктан туура эмес, такталбаган маалыматтарды бербөөгө жана ишенбөөгө чакырып кетем", - деди облус башчысы.

Ошондой эле чек арадагы кырдаал боюнча расмий маалыматтар берилип турарын кошумчалап өттү.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан