Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Германияга учуп кетти

Бүгүн КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасына расмий иш сапары менен учуп кетти. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Германиянын Федералдык Президенти Йоахим Гаук, Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель жана Берлин шаарынын мэри Клаус Воверайт менен жолугушууларды өткөрмөкчү. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин Конрад Аденауэр фондунда сөз сүйлөө, КРнын Берлиндеги элчилигине баруу сыяктуу бир катар иштери пландалууда. Мындан сырткары кызматташтык боюнча бир катар эки тараптуу маанилүү документтерге кол коюлуусу да күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан