"О!Деньги" капчыгынын колдонуучулары Баткенге жардам иретинде миллион сомдон ашык каражат которушту

«О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары бир жумага жетпеген убакыт ичинде баткендиктерге жардам иретинде 1 миллион сомдон ашык каражат топтошту.

Чогулган каражаттардын бардыгы президенттин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мамлекеттик бирдиктүү эсебине түшөт.

Каражаттарды топтоо уланууда, жана бардык каалоочулар чек арага жакын аймактардын жашоочуларына колдоо көрсөтө алышат.

Каражаттарды кантип которсо болот?

  1. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз.
  2. «Баткенге жардам» вкладкасын ачып, каалаган сумманы төлөңүз.

Өз кезегинде, биз, четте калбай колдоо көрсөткөн бардык кыргызстандыктарга терең ыраазычылык билдиребиз.

Ар дайым асманыбыз ачык болуп, Кыргызстаныбызда бейпилдик жана туруктуулук орносун!

"О!Деньги" сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан