16-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуу башталып, анын кесепетинен 59 кыргызстандык набыт болуп, 300дөй үй жана үй-бүлө жабыркаган.
Буга байланыштуу Beeline компаниясы кызматкерлери жана коомчулук арасында жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу пункттарын уюштурган. Ошондой эле Beeline 16-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундарын 90 миллион сомдон ашык суммадагы бекер байланыш менен камсыз кылууда.
Мындан тышкары, компаниянын кызматкерлери баткендиктерге жеке коргонуу каражаттары, гигиена, самын жуучу каражаттар жана башка керектүү буюмдар түрүндөгү гуманитардык жардамдарды чогултушту.
Ошондой эле компания курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк жана эң керектүү буюмдарды, ал эми чек арачыларга 1 миллион сомдон ашык суммага телефондорду, аларды заряддоо үчүн заряддагычтарды жана тышкы батареяларды жөнөттү.
Сизге жана сиздин жакындарыңызга кам көрүү!