Израиль Палестинаны мамлекет катары таанууга даяр экенин билдирди

Израилдин өкмөт башчысы Яир Лапид БУУнун Башкы Ассамблеясындагы жарыш сөзүндө Палестинаны өлкө катары таанууга даяр экенин билдирди.

Ал палестиналыктар менен "эки эл үчүн эки мамлекет" принцибине негизделген келишимди колдой тургандыгын билдирип, бирок ошол эле учурда Палестина мамлекетин түзүү Израилдин коопсуздугуна коркунуч келтирбеши керек экенин айтты.

"Биздин бир гана шартыбыз бар: келечектеги Палестина мамлекети тынчтыкка умтулган өлкө болушу керек. Ал Израилдин коопсуздугуна жана жашоосуна коркунуч туудурган дагы бир террордук база болуп калбашы керек", - деди Лапид.

Премьер-министр палестиналыктар менен эки өлкө, эки эл принцибине негизделген келишим Израиль өлкөсүнүн коопсуздугу, экономикасы жана келечеги үчүн эң туура жол экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан