Италияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Италияда жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7де шайлоо участкалары ачылды.

Бүгүн 46 миллиондон ашык италиялык парламенттин эки палатасына мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Чет өлкөдө дагы 5 миллиондой шайлоочу добуш бере алат. Бул өлкөдө 18 жаштан ашкан жарандар шайлоо укугуна ээ.

Жергиликтүү телеканалдар кабарлагандай, эртең менен шайлоо участкаларына добуш бергендердин саны көп эмес.

Шайлоо комиссиясынын функцияларын аткарган Италиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө 61 миңден ашуун шайлоо участкалары ачылган. Алар бүгүн түнкү саат 23:00гө чейин ачык болот. Добуштарды эсептөө алар жабылгандан кийин дароо башталат. Алгачкы жыйынтык саат 23:00дөн кийин күтүлүүдө. Ал эми биринчи расмий жыйынтык дүйшөмбү күнү эртең менен чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан