Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети чек арадан Орусиянын жарандарын кармады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматта айтылгандай, кечээ, 25-сентябрда Костанай облустук чек арасынан Орусиянын 3 жараны кармалган.
"Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Орус жарандары бул кадамын Орусияда жарыяланган мобилизациядан качуу менен түшүндүрүштү. Кармалган жарандар суралгандан кийин Орусиянын укук коргоо органдарына өткөрүп берилет. Улуттук коопсуздук кызматы чек ара бекеттеринде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.