Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Умбриэль Темиралиев дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин бул кызматты Равшанбек Сабиров аркалап келген.