Президент посттордун алынуусу боюнча чагымчылдык кылгандарды мобилизациялоого тапшырма берди

Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы 1 тозот жана 3 посттун алынуусу боюнча жалган маалымат тараткандарды мобилизациялоого тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Президент Жапаров Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды” деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын “резервдик ротага” мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла”, - деген тапшырманы берди. Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып “мына ушул жерибизди берип жатышат” деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өздөрү барып, өз көздөрү менен көрүп турушсун", - деп жазды Султанбаев.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан үч көзөмөл-өткөрмө посту жана бир чек ара тозоту эки тараптан тең алына турган болгондугу кабарланган. Мындай макулдашуу кечээ, 25-сентябрда эки өлкөнүн УКМК төрагаларынын жолугушуусу учурунда бекитилген. Ага ылайык, кыргыз тараптан "Булак-Башы", "Ак-Сай", "Катта-Туз" посттору жана "Тамдык" тозоту жоюлду.

Эки тарап жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон. Протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экендиги белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан