"Эч ким согушпайт". Орусияда 25 жаштагы жаран военкоматтын башчысын эл алдында атып салды

Орусиянын Усть-Илимск шаарындагы Аскер комиссариатында (военкомат) 25 жаштагы жаран аталган мекеменин башчысына ок чыгарды. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, кылмышкер имараттын ичине кирип, "эч ким согушпайт" деп кыйкырып, Аскер комиссариатынын башчысы Александр Елисеевге алты жолу ок чыгарган. Окуя видеого тартылып алынган.

Кийинчерээк ок чыгарган адам кармалган. Ал 25 жаштагы Руслан Зинин аттуу жергиликтүү тургун болгон.

Жаракат алган Александр Елисеев учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө. Анын абалы өтө оор экендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан