Орусиянын Ижевск шаарындагы №88 мектепте белгисиз адам ок чыгарды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кара кийимчен белгисиз адам мектепке кирип келип, күзөтчүнү өлтүрүп, андан кийин окуучуларга ок чыгарган. Жыйынтыгында 6 адам каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алган.
Окуучуларга ок чыгарган жаран өз жанын кыйган. Полиция анын сөөгүн тапкан.
Учурда окуя болгон жерде бардык тиешелүү кызматтар иш алып барышууда.