Иранда Инстаграм жана WhatsApp мессенжери бөгөттөлдү. Бул тууралуу ирандык Fars News Agency агенттигине шилтеме келтирүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, Инстаграм жана WhatsApp'тын иштөөсүнө 22-сентябрда чектөө киргизилген. Эми бул тиркемелер Ирандын аймагында жеткиликсиз болуп калды.
"Мындай чектөө улуттук коопсуздукту бузуу, өлкөдө оппозициялык кыймылдардын баш аламандыкка алып келген иш-аракеттерин алдын алуу максатында бул тиркемелер бөгөттөлдү", - деп айтылган маалыматта.
Ал эми бул чектөөлөр канча убакытка созулары айтылган эмес.
Эске салсак, Иранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кыз хиджабды туура эмес кийгендиги үчүн полиция тарабынан кармалып, көп өтпөй комага түшүп каза болгон. Бул окуядан кийин Ирандын 100дөн ашуун шаарларында жана 30 провинциясында массалык нааразычылык акциялары өтүп, баш аламандыктар катталган. Бул акциялардан кеминде 30дан ашык адам каза болгон.