Ирандагы нааразычылык акцияларында каза болгондордун саны 41ге жетти

Ирандагы нааразычылык акцияларынан каза болгондордун саны 41ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Иранда 11 күн мурда хиджабды туура эмес кийгени үчүн полиция тарабынан кармалган 22 жаштагы Махса Аминини акыркы сапарга узатуу зыйнатында башталган демонстрациялар Ирандын бардык провинцияларына жайылды.Нааразычылык акциялары баш калаа Тегеран, ошондой эле Караж, Шираз, Тебриз, Керман, Киш аралы, Йезд, Нейшапур, Исфахан жана Мешхед сыяктуу көптөгөн шаарларда уланууда.

Соңку бир нече күндө социалдык тармактарда жарыяланган кадрлардан куралсыз демонстранттар менен формачан полициянын кагылышын көрүүгө болот. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарлашынча, кеминде 1200 демонстрант, анын ичинде журналисттер, саясий активисттер жана студенттер камакка алынган. Акыркы күндөрдө болгон тополоңдун натыйжасында банктын 12 филиалы талкаланып, 219 банкомат зыянга учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан