Канада өлкөсү тамекинин зыяндуулугун эскерткен жазууну бир гана сырткы кутусунда эмес, ар бир тамекиге жазган биринчи өлкө болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта айтылгандай, бул мыйзам 2023-жылы коомдук талкуудан кийин күчүнө кирет.
"Тамекиде ар бир дем алуу уу ичкенге тете экендиги жазылат. Бул долбоорду айрымдары колдосо, айрымдары бул эффективдүү эмес экенин айтышууда. Бирок тамекини оозуна алып баратканда анын зыяндуулугун көргөн сайын ойлонушу мүмкүн. Тамекинин кутусундагы эскертүүгө эч ким маани бербей калган. Мисалы 1-2 даанадан алып чеккен адам анын зыянын ойлонбойт деле", - деп айтылат маалыматта.