Ноокатта окуучулар "Биз тынчтык үчүн" урааны алдында жөө жүрүшкө чыгышты

Ош облусунун Ноокат районунда мектеп окуучулары жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.

Маалыматта айтылгандай, 26-сентябрь күнү Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнүн Балдар иштери боюнча инспекциясы Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан жалпы билим берүү мекемелердин окуучулары менен биргеликте “Биз тынчтык үчүн” аттуу жөө жүрүш болуп өттү.

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин улук класстарынын окуучулары колдоруна ар түрдүү мазмундагы плакаттарды көтөрүшүп, Көтөрмө айылында 2 чакырымдай аралыкты басып өтүштү. Окуучулардын коопсуздугун Ноокат РИИБинин өздүк курамы жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын (ЖКККБ) кызматкерлери көзөмөлгө алышкан. Жөө жүрүштүн соңунда мектеп окуучуларга милиция кызматкерлери тарабынан ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында рэкет, ээн баштык, уурулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чарага катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мектеп мугалимдери жаштарга кайрылуу жасап, жаштарды мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка чакырып кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан