Орусиялык блогер "Домодедово" аэропортунан Кыргызстанга уча турган учактан байкалды

Белгилүү орусиялык блогер Юрий Хованский Орусиядан Кыргызстанга учуп кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактын колдонуучулары блогерди Москвадагы "Домодедово" аэропортунан Кыргызстанга уча турган учактан байкашкан. Ал бет кап тагынып алган.

Күбөлөрдүн айтымында, блогер отурган учак "Домодедово" аэропортунан Ысык-Көлгө багыт алган. Белгилүү болгондой, блогер сүйлөшкөн кызы менен саякаттоо үчүн Ысык-Көлгө келди.

Өткөн жылдын аягында блогер 6 ай СИЗОго камалган. Ал Дубровкадагы театр борборундагы адамдарды барымтага алуу тууралуу ырдын айынан терроризмди актаган деп айыпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан