Бүгүн, 27-сентябрда орусиялык жана советтик ырчы Борис Моисеев 69 жашында каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Ушул жылдын жай айында ырчы эки жолу инсульт алып, жарым-жартылай шал болуп калганы белгилүү болгон.
Борис Моисеев 1954-жылы 4-мартта Беларусь ССРинин Могилев шаарында туулган. Ал Орусиянын "Овация" жана "Алтын граммофон" музыкалык сыйлыктарынын бир нече жолку лауреаты болгон.