Кубада бороондон улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурады

Кубанын электр энергиясын өндүрүү системасы "иэн" бороонунан кийин толугу менен иштебей калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Улуттук энергетика тутумунда генерация нөлгө барабар (электр менен камсыздоо кызматы жок өлкө), абал климаттык шарттарга байланыштуу экени айтылды. Бороондун кесепетинен өлкөнүн батыш борбордук бөлүгүндө жана чыгышта байланыштар үзгүлтүккө учураган.

3-категориядагы тропикалык "иэн" бороону шейшембиге караган түнү Кубанын аймагы аркылуу өттү. Бул аралдын батыш бөлүгү 2008-жылдан бери башынан өткөргөн эң күчтүү циклон. Өлчөө станцияларынын биринде шамалдын ылдамдыгы саатына 200 чакырымдан ашты, өлкөнүн борборунда шамалдын ылдамдыгы саатына 123 чакырымга жетти.

Куба бийлигинин бороон-чапкындын кесепеттери боюнча расмий статистикасы жарыялана элек. Массалык маалымат каражаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бак-дарактардын кеңири кулашы жана электр чубалгылары, турак жайлардын чатырларын учуруп кеткени тууралуу айтып жатышат. Бороондун кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Учурда циклон Мексика булуңунда болуп, Флориданы көздөй жылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан