Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасындагы өтөрмө-көзөмөл постторун алуу боюнча макулдашылган №42 деп аталган протоколду сынга алды.
"Бул постторду алдырып сала турган болсок, ошол аймактардагы көзөмөлдү толугу менен жоготобуз. Тажикстан тарапка сойломо жол менен кирип ошол жерлерибизди ээлеп алганга ачыктан-ачык жол бергени жатабыз. 42-протоколдун негизинде алына турган посттор жаңжалдын булагы имиш. Ошол постторду алып койсок эле түбөлүктүү тынчтык болот имиш. Бул абдан чоң адашуу",- деди Айжигитов.