Самыйкожо: “Баткендеги окуя шалаакылыктан, кайдыгерликтен болду”

Баткендеги окуя шалаакылыктан, кайдыгерликтен улам болду. Мына ушул нерселерден арылмайын биз согушка даяр жашашыбыз керек. Бул туралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо журналисттерге билдирди.

“Президенттин БУУга барып сүйлөгөнү көпчүлүккө жакты. А бирок башка бир инсандын сөзү башкачараак болуп калганы элди өкүндүрөт. Кимдир бирөөлөр менен согуштук деген сөзү тарап жатат. Мага бүтүн мамлекет керек. Мага бүлүнгөн мамлекет керек эмес. Мен ар бир айткан сөзүмдү мамлекеттүүлүк үчүн айтам. Мен бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтпайм. Анын же мунун кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекетибиздин туруктуулугу, өнүгүүсү үчүн айтам”, - деди эл өкүлү.

Мындан сырткары депутат 42-протокол тууралуу да пикирин билдирди. Ал аталган протоколду жокко чыгаруу үчүн юридикалык жактан парламенттин күчү жете турганын айтты. Бирок кеп юридикалык күчтө эмес, добушта экенин кошумчалаган.

Самыйкожо: “Баткендеги окуя шалаакылыктан, кайдыгерликтен болду”.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан