Султанбай Айжигитов: "Тажикстан протоколго мажбурлап кол койдурду"

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл постторун алуу боюнча макулдашылган №42 деп аталган протоколду мыйзамсыз деп атап, ага Кыргызстан тарап мажбур түрдө кол койгонун билдирди.

"Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов интервьюсунда ачык эле "№42 протоколдун талаптары аткарылса гана тынчтык болот" дейт. Ушул эле сөздү 2021-жылы кол салгандан кийин 39-протоколго кол коюлганда дагы айткан. Бул ачык эле агрессия. №39, №42 протоколдор мыйзамсыз. Себеби алар мажбурлап кол койдурган. Кеңири масштабдагы аскердик агрессиянын аркасында мажбур түрдө кол койдурду. Бул келишимдер тынчтыкка алып келбейт", - деди ал.

Ошондой эле Айжигитов жаңжалга себеп болуп жаткан буга чейин кол коюлган протоколдордун баарын жокко чыгарууну демилгеледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан