Мадумаров "Кемпир-Абад" тууралуу айтылып жаткан имиштер тууралуу кеп кылды

Бүгүн, 28-сентябрда эл өкүлү Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында "Кемпир-Абад" суу сактагычы Өзбекстанга өткөнү айтылып, ага эл нааразы болуп жатканын билдирди.

“Облустук телекомпаниядан "Кемпир-Абад" суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн айтты деп жатышат. Эл ызы-чуу болууда. Өткөндө эле ошол жердеги 5 айыл өкмөттүн эли менен жолукмайынча токтотуп туруңуздар дегенибизде президент да, өкмөт да макул болгон. Бирок барып жең ичинен кол коюп бергендиги өлкөдө будуң-чаң жаратып жатат. Өлкөдө түзүлгөн кырдаал оңой эмес. Жаңы мыйзам кабыл алганды коё туруп ушул маселелерге чекит коёлу", - деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, 26-сентябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев экөө чек ара маселеси тууралуу протоколго кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан