Куба өлкөсү толугу менен электр жарыгысыз калды

Куба өлкөсү аралдын батыш бөлүгүн каптаган Ян бороонунан кийин толугу менен электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бороондун натыйжасында өлкөдөгү негизги электр станцияларынын бири ишин калыбына келтире албагандан кийин электр тармактары толугу менен кыйроого учураган. Бороондон эки адам каза болуп, имараттар жабыркаган. Шамалдын ылдамдыгы саатына 195 метрге жеткен бороон азыр Флориданы көздөй бет алды.

Бороон борбор шаар Гаванадан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Антонио Гитерас станциясын иштен чыгарган. Бул Кубанын эң маанилүү электр станциясы. Анын өчүрүлүшү учурда аралдын эч бир жеринде электр энергиясы өндүрүлбөй жатканын билдирет.

Синоптиктер Кубанын айрым аймактарында Ян бороонунун таасири астында эми катуу жаан-чачын болушу мүмкүн экенин эскертишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан