Көздү арбаган цыган кыз. Көпчүлүктү таң калтырган Түркиянын Зевгма музейине саякат (фото)

SUPER.KG порталы Түркия мамлекетине жасаган саякатынын алкагында Газиантеп шаарындагы “Зевгма” мозаика музейинде болду. 30 миң чарчы метр аянтты ээлеген эки кабаттуу музей 2011-жылы ачылган.

Музейдин “Зевгма” деп аталып калышы жөн жерден эмес. Музейдеги экспонаттар Зевгма шаарынан табылган. Биздин заманга чейин 300-жылы Байыркы Зевгма шаары Коммаген королдугунун маанилүү аймактарынын бири болгон. Ал Газиантеп шаарынан 50 чакырым алыстыктагы Евфрат дарыясынын боюнда жайгашкан.

Тарыхый маалыматтарга ылайык, аталган шаарды Александр Македонскийдин шериктеши Селевк курган деген божомол бар.

Көргөн көздү суктандырган музей тарыхый экспонаттарга бай. Музейдеги эң баалуу экспонат катары “Цыган кыз” аттуу антикалык мозаика эсептелет. Бул мозаиканын өзгөчөлүгү - бул кыздын көздөрү аны карап турган ар бир адамды тиктеп тургандай элес калтырат. Музейде бул панно үчүн өзүнчө жай даярдалган.

Андан сырткары музейдин ичинен төрт Рим фонтанын, согуш Кудайы Марстын колодон жасалган статуясын, грек мифологиясындагы Кудайлардын мозаикаларын жана башка баалуу экспонаттарды көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан