Тажикстандын кол салуусунан улам Бишкекке келгендердин ичинен 818 жаран кайра кайтып кетишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 28-сентябрда 36 кичи автобус менен Баткенден келген 818 жаран кайра кайтып кетишкен. Алар үчүн Бишкек мэриясы тарабынан атайын кичи автобустар уюштурулуп, күйүүчү майды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги камсыздап берген.
Ошондой эле мекендештерди жеткирип бара турган ар бир унаада министрликтин кызматкерлери бар.
16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирди.