Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров өзүнүн жашы жете элек үч уулу жакын арада Украинада болуп жаткан кагылышууга катыша турганын билдирди. Бул тууралуу ал Телеграм каналына жазды.
"Ахмат, Эли жана Адам аттуу уулдарым аскердик операция өз чеберчиликтерин колдонууга даяр. Мен тамашалап жатканым жок. Чыныгы күрөштө өздөрүн көрсөтүүгө убакыт келди. Бул алардын каалоосу, мен жөн гана кабыл алам. Жакында алар фронтко барышат жана байланыш линиясынын эң татаал тилкелеринде болушат", - деп жазды Рамзан Кадыров.
Ошондой эле Рамзан Кадыров уулдары Ахмат, Эли жана Адам Кадыровдор дээрлик жаш кезинен баштап аскердик даярдыктан өтүшкөнүн белгиледи.
Рамзан Кадыровдун уулдары Ахмат 16, Эли 15 жана Адам 14 жашта.