Кыргызстанда иш алып барган алдынкы компанияларга "Ишенимдүү өнөктөш" сыйлыгы ыйгарылды

“Супер-Инфо” гезити Кыргызстанда иш алып барган бир катар ири компания-мекемелерге эл ишенимине ээ болгон үзүрлүү эмгеги үчүн "Ишенимдүү өнөктөш" сыйлыгын тапшырды. Мындай сыйлыкка Билайн, Мегаком, Нуртелеком уюлдук операторлору, “Шоро”, “Аю”, “Ак каз” компаниялары, “ЮниКредит Банкы”, Борбор Азиядагы Америка университети, “Дасмия” рестораны, “Финка” микрокредиттик компаниясы, "Александра мода" дүкөнү, "Табылга" соода комплекси, "ФинансКредитБанк", "Дос-КредоБанк", "Москва" ишканасы, "Кока-Кола Бишкек ботлерс" компаниясы, "ЭкоИсламикБанк", “Кумтөр” компаниясы, "IDM Media" компаниясы, "I-Media" компаниясы жана "Sеlа" дүкөндөр тармагы ээ болушту. Ошондой эле Кыргызстандагы алдынкы медиа өкүлдөрү болгон "Кыргызстан Обондору", "Тумар", "Миң кыял FM" радиолору, НТС телеканалы жана Кыргыз киносу кинотеатры “Медиа өнөктөш” сыйлыгы менен сыйланды. Гезиттин президенти Шаиста Шатманова жана башкы редактору Бурул Исмаилова аталган ишкана-мекемелерге кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирүү менен бирге мындан ары да ийгиликтерди каалады.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан