Түзүлүштөрү eSIM технологиясын камтыган абоненттер 2022-жылдын 5-октябрынан тарта инновацияны O!Store дүкөндөрүнүн баарынан кошо алышат.
eSIM – смартфонуңуз эки симкалуу болбогон учурда да, айрым iPhone моделдери сыяктуу экинчи симканы колдонуу үчүн эң сонун мүмкүндүк. Технология трекер, ноутбук жана башка «акылдуу үй» түзүлүштөрүн (сигнализациялар, датчиктер, видеокамералар, тиричилик техникасы ж.б.) колдонгондор үчүн абдан ыңгайлуу.
eSIMдин башкы артыкчылыктарынын бири – коопсуздук. Смартфон уурдалган учурда аны колдоно алышпайт, себеби түзүлүшкө жаңы профиль жүктөө жана эскисин өчүрүү мүмкүндүгү виртуалдуу SIMдин ээсинде гана бар. eSIM телефондон чыкпайт, андыктан смартфон уурдалган учурда да кылмышкер аны колдоно албайт.
Өзүңүзгө О! түйүнүнөн ыңгайлуу төлөө формасы менен – жума сайын же дароо 4 жумага төлөнүүчү ыңгайлуу тарифти тандап алыңыз. www.o.kg сайтынан смартфондор үчүн О! түйүнүндө акысыз байланыш каралган үнөмдүү топтомдордон баштап мобилдик ТВ жана кинотеатрлары менен чексиздикке чейин атайын сунуштарды, роутерлер менен модемдер үчүн тарифтерди, пайдалуу үй-бүлөлүк топтомдорду, ошондой эле акылдуу түзүлүштөр үчүн варианттарды таба аласыз.
eSIMди кантип кошсо болот
eSIM колдонуу, ошондой эле кошуу үчүн пайдалуу тарифтер жөнүндө толук маалыматты o.kg сайтынан таба аласыз.
O! – сенин смартфонуңа арналган түйүн.