Талас ОИИБинин “Мал ууру” рейдинин учурунда Манас районунун Нылды айылынын жашоочусу
Толкун
Ибраимованын жоголуп кеткен бээси менен тайын уурдаган адам кармалган. Кармалган Талас районунун Орто-Арык айылынын тургуну Замир Жусупбековго уурулук боюнча айып тагылууда. Ал үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрынан 8ине караган түнү белгисиз убакытта аталган үйгө кирип, жогорудагы малдарын уурдап кеткен. Учурда тергөө жүрүп жатат.