“Umai Group”. Кыргызстандын келечеги балдар арасындагы спортту өнүктүрүүдө

“Globus”, “Народный”, “Достор”дүкөндөр тармагынын оператору “Umai Group” компаниясынын PR-менеджери Бермет Танабаеванын айтымында, спорттогу жеңиштер мамлекеттин жетишкендиги. Ошол себептен спорт тармагын колдоого алуу Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсү үчүн абдан маанилүү.

Компаниянын соода тармагында дасыккан адиси Бермет Танабаева бүгүнкү күндө компания тарабынан кандай спорттук долбоорлор колдоого алынып жатканы жана балдар арасындагы спортту жана чыгармачылыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтып берди.

Келечек спорттун артында

«Umai Group» компаниясы бир канча жылдан бери республика аймагында масштабдуу, кызыктуу спорттук иш-чараларды уюштуруп келген «Nomad Sport'тун» өнөктөшү катары кызматташып келет.
«Биз Jaz Demi аттуу жазгы жарым марафонду, «25 километрди басып өтүү» жазгы веложарышты, жайында өтүүчү түнкү чуркоо жарышын активдүү колдоп келебиз. Ошондой эле 9-октябрда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө болуп өткөн «Ак илбирсти коргойлу» аттуу эл аралык кайрымдуулук чуркоо жарышында спортчуларга тамак-аш уюштурууда активдүү катыштык. «Nomad Sport» сыяктуу биз дагы спорт бардыгына жетиштүү, чексиз жана массалык түрдө активдүү болушу керек деп эсептейбиз», - дейт Бермет Танабаева.
«Umai Group» 2015-жылы апрель айында триатлон спортун сүйүүчүлөрү тарабынан негизделген өлкөдөгү эң жаш спорттук бирикме болгон Триатлон федерациясын да активдүү түрдө колдоп келет.

«Биз спортту өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан адамдардын аракетин баалайбыз. Республикалык масштабдагы компания катары, спорт бир гана чоң шаарларда эле эмес, региондордо да өнүгүүсү биз үчүн абдан маанилүү. Жаңы ачылган Федерациялар өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарында мүмкүн болушунча көп жаңы пикирлеш адамдарды өз тегерегине бириктирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуна биз да кызыкдарбыз», - деп баса белгиледи компаниянын PR-менеджери.

Бардык чемпиондор балалыктан келишкен

«Umai Group» Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын дайымкы өнөктөшү. Быйылкы жылдан тарта компания жаш балдар арасындагы жеңил атлетика багытын да колдоого алып баштады. Ошондой эле Бермет Танабаеванын айтымында, аталган компания спорттун бардык түрү боюнча жаш спортчуларга өзгөчө көңүл буруп келет.

«Биз колдоо көрсөтүп келе жаткан иш-чаралардын катарына 30-апрелде Бишкек шаарындагы спорттук клубдардын биринде өткөн «Балдар арасындагы сууда сүзүү», Каракол шаарында август айынын аягында болуп өткөн эл аралык шахмат боюнча турнир, ошондой эле 25-26-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн жеңил атлетика боюнча жаш балдар жана кыздар арасындагы ачык чемпионат, 13 жашка чейинки кыздар арасындагы футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты кирет», - деп кошумчалады Бермет Танабаева.

«Umai Group» өлкө аймагында өткөрүлүүчү жогоруда атап өткөндөй спорттук иш-чараларды өткөрүү демилгесин колдоого даяр. Компания болочоктогу чемпиондорго туура мотивация берүү спортту өнүктүрүүдөгү маанилүү фактор экендигин баса белгилейт.

«Балдар үчүн алардын аракетин баалоо жана колдоо көрсөтүү абдан маанилүү. Аларга туура мотивация берүү спорттогу ийгиликтин башаты. Балдар өзүнүн жана көрүп жаткан аракетинин баалуулугун сезиши керек. Ал эми биз жаш спортчулар биздин колдообузду сезип, Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө таанытууга умтулуусуна жардам беришибиз керек», - дейт маектешибиз.

Компания жаш кыргызстандыктардын бир гана спорт жаатында эмес, ар тараптуу чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүсү маанилүү деп эсептейт.

Бул багытта «Globus – Балдар үчүн» долбоорун айтсак болот. «Биз жылына 2 жолу балдар арасында сүрөт тартуу конкурсун уюштуруп, ири акчалай утуш коюп, ар кандай акысыз мастер-класстарды уюштуруп келебиз. Ушундай маанилүү мастер-класстардын бири «Кыргызстанды таануу» программасы. Бул программа балдардын чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө багытталган. Ал оюн түрүндө өтүп, мекенибиздин тарыхын, үрп-адаттарын жана маданиятын таанууга багытталган», - деп кошумчалады Бермет айым.

Балалык бактылуу болушу керек

Турмуштун оор кырдаалында калган балдарды жана алардын үй-бүлөсүн колдоо да өзгөчө мааниге ээ. Ай сайын компания Кызыл Жарым Ай улуттук бирикмесине, «Help the Children» жана «SOS Бишкектеги балдар айылы» коомдук фонддоруна жана «Кол сунам», «Кайрымдуулук үйү» коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүп келет.

«Өлкөбүз оор кырдаалда турганда четте карап турбастан COVID-19 пандемиясы маалында жана Баткен окуясында мекендештерибизге жардам бердик. Анда 2 миллион сомдон ашуун каражатка азык-түлүк алынып, 10 миллион сом Баткен облусунда жабыркаган жарандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке которулган», - деп билдирди Бермет Танабаева.

«Umai Group» бул жылы да бир катар социалдык жана спорттук иш-чараларды колдоону пландап жатат. Компаниянын жаңылыктарына көз салып туруңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан