Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын экс-президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевге издөө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Медведевге Украинанын Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин 2-бөлүгү менен (бийлик өкүлү болгон адам тарабынан жасалган Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салуу) кылмыш иши козголуп, Украинанын укук коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланган. Бул берене боюнча эң жогорку жаза он жылга чейин эркинен ажыратуу болуп саналат.
Ошондой эле Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захаровага дагы издөө жарыялады.