Кытай Күнгө байкоо салуу үчүн космостук обсерваториясын ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Обсерватория үч жабдуу менен - Күндүн магниттик талаасын изилдөөчү магнитограф, Күндүн жаркыроо мезгилиндеги жогорку электр нурлануусун изилдөөчү рентген сканери жана плазманы анализдөөчү коронограф менен жабдылган.
Аппарат Күндүн магниттик талаасы короналдык массаны жана башка нерселерди чачырап туруусу жөнүндө маалымат берип турат. Ал заттар Жер планетасынын атмосферасына таасирин тийгизе турганы айтылды.
Ошондой эле Кытай обсерваториясы космостук аба ырайын алдын ала айтууга мүмкүндүк берет.
Муну менен тарыхта биринчи жолу Күндүн ортоңку кыртышын изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми космостук обсерваториянын баасы 126 миллион доллар экени жазылды.