Дүйнө көп полярдуу болуп баратат жана бул процессте Азияда жаңы күч борборлорунун түзүлүшү маанилүү роль ойнойт. Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путин Астанада өткөн саммитте айтты.
"Бүгүнкү жолугушуу дүйнөлүк саясаттагы жана экономикадагы чоң өзгөрүүлөрдүн фонунда өтүп жатат. Дүйнө чындап көп полярдуу болуп баратат. Ал эми бул жерде эң көрүнүктүү ролду Азия ойнойт. Бул процесстердин баарына Орусия да активдүү катышууда", - деди ал.
Буга чейин Орусиянын лидери Астанага үч эл аралык иш-чарага, тагыраагы КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин алтынчы саммитине жана Орусия-Борбор Азия жолугушуусуна катышуу үчүн учуп келгени маалымдалган.