Япондордой тамеки чегүүгө каршы күрөш: Чет элдик тажрыйбадан Кыргызстан эмнени үйрөнө алат?

Япония - тамеки чегүүгө каршы күрөштө мыкты ийгиликтерди жараткан саналуу өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Болгону беш жылдын ичинде япониялык тамеки чеккендердин саны дээрлик үчтөн бирге кыскарган. Буга кантип жетишти жана Япониянын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн эмнеси менен зарылдыгы тууралуу макаланы Super.kg сайтынын окуңуз.

Япония тамекиге кантип согуш жарыялады...

Автоунаа куруу жана күрүч өстүрүү, жогорку технологиялык сектор жана илимий изилдөөлөр боюнча дүйнөлүк лидерликти колдон чыгарбаган Япон эли ошол эле учурда эң көп тамеки тарткан өлкөлөрдүн сап башында турган. 2000-жылдары ал жактагы ар бир тамеки тартуучуга жылына 2800 тамеки туура келген жана алардын саламаттыкты сактоо тармагына бул өз залакасын тийгизген. Тамеки чегүү менен байланышкан илдеттен улам өлүмдүн деңгээли жогорулап, 2010-жылы инфекциялык эмес оорулардан экономикага келтирилген чыгым 223 миллион доллардан ашкан.

Коомдук жайларда тамеки тартууга бийлик тарабынан катуу тыюу салынганы менен ал натыйжасын бербеген иш-чара бойдон калган. Бирок бул абал 2015-жылы кескин түрдө өзгөргөн. Анткени Япония тамеки чегүүгө каршы салттуу чаралардан тышкары, зыянды азайтуу концепциясын ишке киргизе баштаган. Мындай ыкма адамга тобокелдиги төмөндөтүлгөн альтернативаны тандоого укук берет. Тамеки чеккендер үчүн бул классикалык тамекиден баш тартып, тамекини күйгүзбөстөн түтүнсүз технологияга өтүү жолу менен никотиндин жеткиликтүүлүгүн азайтуу болгон. Жылытуу принцибинде иштеген электрондук жабдуулардын буусунда күйүү продуктулары жок экендиги, ал эми тамекинин түтүнүндө 69 зыяндуу зат жана чайыр бар экендиги илимий жактан далилденген. Япондор өз ден соолугу үчүн жоопкерчиликтүү жүрүм-турумдун формуласын жайылтып: "Колуңдан келсе тамекини ташта, таштабасаң анын күйүшүнө жол бербе" деген ыкманы тандаган.

...ошентип тамеки чегүүнү азайтуу боюнча рекорд коюшкан

Жаман адаттардан толук баш тартууга жана тамеки чегүү үчүн атайын жерлерди бөлүп берүүгө үндөгөн инновациялык ыкма ийгиликтүү болуп – беш жылдын ичинде япондук тамеки чегүүчүлөрдүн саны дээрлик үчтөн бирге кыскарган. Ошол эле учурда эгерде жылытуучу тамеки пайда болгонго чейин тамеки сатуу бир нече жыл ичинде 1,8% гана кыскарган болсо, 2015-жылдан бери никотинди жеткирүү боюнча альтернативалуу жабдууну кеңири колдонуу менен бул орточо жылдык көрсөткүч 9,5%ды түздү деп белгилешти америкалык онкологиялык коомдун эксперттери.

Ал эми тамеки рыногунун динамикасын талдоого алган Frost & Sullivan изилдөө компаниясынын аналитиктеринин баамында: “2015-жылдан 2019-жылга чейин Японияда кадимки тамекилердин жалпы сатуусу 34%га төмөндөгөн, бул жылытуу системасы бар тамеки заттарынын жаралышына байланыштуу болушу мүмкүн.

Кийинки эки жылдын ичинде тамекинин жылытуу системалары жеткиликтүү болуп калгандыктан, классикалык тамекинин сатылышы төмөндөй баштаган. 2022-жылга карата бул көрсөткүч 41% түзүп, бул республикалык деңгээлдеги рекорддук жыйынтык болуп калган!

Инновациянын жайылышы менен инфекциялык эмес оору менен ооруган бейтаптардын ооруканага жаткырылышынын саны да кыскарган. 7,3 миллион бейтаптын маалыматтарын изилдеп чыккандан кийин, окумуштуулар 2015-жылдан 2020-жылга чейин өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу менен стационарга кайрылгандардын саны азайгандыгын аныкташкан. Тагыраагы бул көрсөткүч 2%дан 1,8%га чейин төмөндөгөн. Жүрөктүн ишемиялык оорусу менен ооруканага жаткырылгандардын саны тамекинин жылытуу системасына өтүү жана башка факторлорду эске алуу менен беш жыл ичинде 0,5%га кыскарган. Бул мезгил аралыгында түтүнсүз жабдуулар кадимки күйүүчү тамекилерди акырындык менен колдонуудан сүрүп чыгара баштаган. 2019-жылдын акырына карата Япониянын рыногундагы түтүнсүз чегүүчү жабдуулар 0,01% дан 25% га чейин өскөн.

Тамеки тартуунун дем алуу органдарына жана жүрөккө тийгизген зыянынын азайышы илимий маалыматтар менен түшүндүрүлөт: күйүү процессин жокко чыгарган тамекинин жылытуу системалары кадимки тамекиге караганда 95% аз зыяндуу кошулмаларды бөлүп чыгарат, анын уулуу түтүнү бүт организмди ууландырат.

А бизде кандай?

Кыргызстанда тамеки чегүүгө каршы күрөш тамекинин бардык түрүнө тыюу салуу ураанынын алкагында жүрүп жатат. Былтыр күзүндө бийлик коомдук жайларда электрондук тамеки жана кальян чегүүгө тыюу салып, тамеки чегүүгө каршы мыйзамдарды катаалдаткан. Мындан башка иш-чаралардын катарына - тамеки кутуларына коркунучтуу сүрөттөрдү чагылдырып, соода түйүндөрүндө тамекилер көшөгө артында жашырылып, мыйзам бузуучуларды аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлүп жана Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз өтүүчү күндү белгилөө боюнча улуттук кампаниялар кирет.

Бул бизге каалаган натыйжаларды береби?

Тилекке каршы, статистика тескерисинче көрсөткүчтү билдирет. Кыргызстанда аялдардын 2,7% жана эркектердин 45% тамеки чегүүнү улантууда – алардын жарымы (дээрлик 200 миң адам) тамеки чегүүнүн айынан мөөнөтүнөн мурда каза болушу мүмкүндүгү тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коңгуроо кагып жатат. Анткени жети миллион калкы бар республика үчүн бул эбегейсиз көп сан, бирок адамдын эрки, саясий эрк аркылуу жана башка өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбасын колдонуу менен гана бул сандарды өзгөртүүгө болот. Ал болсо, бизге тамеки чегүү менен күрөшүүдө колдонулуп жаткан туура стратегия чындап эле ага болгон көз карандылыкка каршы кылымдар бою уланып келе жаткан согушта, жок эле дегенде өлкөнүн масштабында жеңишке жетүүгө жардам берет деп жар салууга мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан