Депутат Курмантай Абдиев "министрлерге мамлекеттик сырларды билүүгө тыюу салуу керек" дейт

Депутат Курмантай Абдиев Кыргызстанда министрлердин мамлекеттик сырларды билүүсүнө чек коюш керектигин айтып чыкты. Ал мындай пикирин министрлердин бат-баттан алмашып жатканы менен байланыштырууда. Айта кетсек, ЖКнын коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында “КРнын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” мыйзам долбоору каралды. Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик сырларды билүүгө президент, премьер-министр, төрага жана министрлерге уруксат берүүгө багытталган. Ал эми депутат Анвар Артыков депутаттар мамлекеттик сырды билүүдө эч кандай документтерди толтурбай эле, күбөлүгүн көрсөтсө жетиштүү болот деген сунушун айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан