Яндекс Go кызматы эми Каракол шаарында ишке кирди

25-октябрдан баштап Каракол шаарында Яндекс Go иштей баштады. Бул аталган кызмат жеткиликтүү болгон Кыргызстандагы төртүнчү шаар. Мындан сырткары аны Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында колдонсо болот.

Унаага буйрутма берүү үчүн тиркемени жүктөп алып, баруучу жерди көрсөтүү зарыл. Геолокация иштеп жаткан маалда, сервис колдонуучунун абалын өзү аныктап, эң тез келе турган айдоочуну табат.

Жол жүрүүнүн баасы 30 сомдон башталат. Мисалы, «Каракол» автобекетинен стадионго чейин 65 сомдун тегерегинде болсо, шаардын аэропортунан Жети-Өгүз айылына чейин 500 сом болот. Төлөм жүргүзүү накталай акча түрүндө да, тиркемеге байланган банк картасы менен да жүргүзүлөт.

«Биз жаңы шаарларда жол жүрүүнүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу жолун ишке киргизүү менен өлкөдөгү кызматыбызды өнүктүрүүнү улантып жатабыз. Эми Каракол шаарында жана Ысык-Көл облусунун айрым бөлүктөрүн тез жана каалаган убакта унааны чакырып, анын кыймылына түздөн-түз тиркемеден көз салып турууга болот. Аны жергиликтүү тургундар да, аймакты сүйгөн туристтер да баалай алышат. Кызмат шаардын инфраструктурасынын ажырагыс бир бөлүгү болуп калат деген ишеним бар», - дейт Яндекс Go'нун Кыргызстандагы аймактык менеджери Тилек Сулайманов.

Сервисте күнү-түнү жеткиликтүү онлайн колдоо кызматы бар. Эгерде кызматты колдонуучу сапарга нааразы болсо, унаада буюмун унутуп калса же кандайдыр бир суроо бергиси келсе, тиркеме аркылуу колдоо кызматына кайрылса ага жардам беришет.

Яндекс Go Кыргызстанда 2017-жылдын күзүндө пайда болгон. Акысыз тиркеме iOS жана Android үчүн кыргыз, орус, англис жана башка тилдерде жеткиликтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан