"Газпромнефттин" акысыз лоялдуулук картасы эми бир басуу менен жеткиликтүү

"Газпромнефть" май куюучу жайлардын кардарлары «Газпромнефть Кыргызстан» мобилдик тиркемесинде «Сапарыбыз бир» виртуалдык лоялдуулук картасын бекер чыгара алышат. Картаны виртуалдаштыруу кызматы лоялдуулук программасынын катышуучулары үчүн жеткиликтүү болуп калды.

"Мобилдик тиркемеде сиз упайлардын санын көзөмөлдөй аласыз, сатып алуулар тууралуу маалыматты сактай аласыз, жекелештирилген сунуштарды аласыз. Ал эми виртуалдык картаны ишке киргизүү менен упайларды эсептөө жана эсептен чыгаруу бир чыкылдатуу менен ишке ашат. Эң негизгиси, карта ар дайым колдо", - деди "Газпромнефть-Азия Оперейтинг Компани" ЖЧКсынын башкы директорунун коммерциялык ишмердүүлүк боюнча орун басары Мирлан Асанкожоев.

Мобилдик тиркемеде "Сапарыбыз бир" виртуалдык лоялдуулук картасын чыгаруу оңой, ал үчүн «Газпромнефть Кыргызстан» тиркемесин орнотуп, «Картаны чыгаруу» баскычын басыңыз. Эгерде кардардын пластикалык картасы болсо, лоялдуулук программасынын картасы туташтырылган телефон номери аркылуу кирүүгө жана сатып алуулар үчүн төлөм жүргүзүүдө "QR кодун ачуу" баскычын басуу менен картанын виртуалдык аналогун колдонуу керек.

"Сапарыбыз Бир" лоялдуулук программасы – бул «Газпромнефть» май куюучу станциялар тармагынын кардарлары үчүн уникалдуу программа. Ал күйүүчү май жана ага тиешелүү продукцияларды сатып алуу үчүн упайларды топтоп, атайын сунуштарга катышууга мүмкүндүк берет. Лоялдуулук программасынын катышуучуларынын саны бүгүнкү күндө 220 миң айдоочудан ашты.

Топтолгон упайлар «Газпром нефть» май куюучу жайларында май куюу же дүкөндөрдө товарларды сатып алуу (тамеки жана алкоголдук продукцияларды кошпогондо) үчүн колдонулушу мүмкүн, 1 балл - 1 сом.

Сиздин туулган күнүңүздө май куюу же май куюучу станцияларда сатып алууларды жасоодо "Газпромнефть" автоматтык түрдө сиздин картаңызга 100 упай чегерет. Упайлар эсептелген күндөн тартып үч жылдын ичинде колдонулушу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан