Нарын шаарын Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери башталды. Нарын шаардык мэриясы билдиргендей, учурда көчөлөргө 276 даана түнкү жарык берүүчү лампалар тагылган. Ар бир түнкү жарыктын бир даанасы 1300 сом турат. Ал эми көчөлөргө жөө адамдар кесип өтүүчү атайын тилке чийилип, ар бир тилкеге 1280 сомдун баасындагы сыр сарпталды. Ошондой эле шаар ичин жаңы жылдык жасалгалоого 5000 метр электрдик түркүн түстүү жарыктар сатылып алынды. Алардын 2500 метри мекеме ишканалардын сыртын кооздоого жумшалса, 2500 метри көчөлөрдү көрктөндүрүүгө жумшалмакчы.