"Аракет сөзсүз акталат!" конференциясында жарандык катышуу боюнча мыкты тажрыйбалар сыйланды

2022-жылдын 27-октябрында USAID'дин «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында «Аракет сөзсүз акталат!» аттуу жарандык катышуу конференциясы өттү.

Конференцияда өлкөнүн өнүгүшүндө жарандык катышуунун маанилүү ролу баса белгиленип, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү жарандар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бизнес биргелешип иш алып барган учурларга көңүл бөлүндү.

Конференцияга 100дөн ашык катышуучу чогулду. Алардын арасында өкмөттүн, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле долбоордун өнөктөш айылдарынан келген демилгелүү топтордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүчөлөрү болду.

«Жигердүү жарандар» долбоорунун негизги максаттарынын бири – жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди чечүү үчүн жарандык коом, өкмөт жана жеке сектордун кызматташтыгын кеңейтүү. 2020-жылдан бери долбоор Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарынын он айыл аймактагы жыйырма жарандык демилгени колдоодо; алардын сегизи ишке ашырылды.

Демилгелердин арасында коомдук жайларды түзүү, көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртуу, негизги жолдорду бойлой коопсуз тротуарларды куруу, балдардын музыкалык билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, инклюзивдик оюн аянтчалары жана мектептерде коопсуз туалеттер бар.

Мисалы, Ош районунун Ак-Жар айылында активдүү тургундар өз күч-аракетин жумшап, айылдын жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн 11 борбордук көчөсүнө көчө чырактары орнотулду. Бишкек шаарынан 84 километр алыстыкта жайгашкан Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында тургундар балдар аянтчасын куруп, жергиликтүү бийликтен, айыл тургундарынан жана «Жигердүү жарандар» долбоорунан 3 миллион сомдон ашык каражат чогултушту. Конференцияга Ак-Жар жана Дөң-Арык айылдардын демилгелүү топтору да катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Кыргыз Республикасындагы USAIDдин миссиясынын демократия жана башкаруу боюнча бөлүмүнүн директору Ноэль Бауэр өз сөзүндө: «АКШ өкмөтү USAID аркылуу сиздердин демилгеңиздерди колдоого сыймыктанат. Биз жарандардын күнүмдүк жашоосун жакшыртуу үчүн коомчулуктарды жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүн алардын кызматташуусуна колдоо көрсөтүүнү улантабыз», – деди.

Ийгиликтүү ишке ашырылган демилгелердин презентацияларынан кийин катышуучулар алдыдагы демилгелерге негиз боло турган тажрыйба-сунуштарды талкуулашты. 2022-жылдан баштап «Жигердүү жарандар» долбоору өнөктөш айыл аймактарындагы жарандарга катуу тиричилик таштандыларын башкаруу жана чыгаруу боюнча демилгелерди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууда колдоо көрсөтүүнү пландаштырууда.

Конференция бүткөрүлгөн демилгелердин ишке ашырууcуна чоң салымын кошкон коомчулук лидерлерин, активисттерди жана айыл өкмөттөрдү сыйлоо аземи менен аяктады.

«Жигердүү жарандар» – USAID тарабынан каржыланган жана FHI 360 тарабынан ишке ашырылган беш жылдык долбоор. Долбоор Кыргызстандын жарандык коом уюмдарынын Кыргызстанда жарандык активдүүлүктү жогорулатуу боюнча аракеттерин колдойт. Долбоордун негизги тематикалык багыттары таштандыларды башкаруу саясатын жана практикасын өркүндөтүү, гендердик зомбулуктун алдын алуу, жарандык коомду чыңдоо жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камтыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан