2012-жылдын 12-декабрынан 15-декабрына чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы өзгөрүлүп, калкка, айрыкча айдоочуларга ыңгайсыздык жарата турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. 12синен 13-декабрга караган түнү мезгил-мезгили менен кар жаайт. 13-декабрь күнү күндүз жана 14-15-декабрда айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу жолдордо кар күрткүсү болушу күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 10-15 градус суук, күндүз 3-8 градус суук болушу болжолдонууда.