"Кызыл желек көтөрүлдү". Иран Сауд Арабияга каршы согуш жарыялашы мүмкүн

Иранда өч алуунун символу болгон кызыл желек көтөрүлдү. Муну менен Иран Сауд Арабиясына каршы согуш жарыялашы мүмкүн экенин дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кызыл желек өч алуу үчүн согуш жарыялоо керектигин билдирет. Өз кезегинде Сауд Арабия Ирандан кол салуу даярдалып жатканын айтып, АКШ менен чалгындоо маалыматын бөлүшкөн. Учурда америкалык аскерлер жогорку даярдыкта турат.

Буга чейин Тегеран АКШ, Улуу Британия, Израил жана Сауд Арабияны өлкөдө нааразычылык акцияларын уюштурган деп айыптаган.

Кызыл желек акыркы жолу 2020-жылдын 7-январында Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин көтөрүлгөн. Эртеси күнү Иран Ирактын Эрбил шаарындагы америкалык аскерлерге массалык чабуул жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bosmos77777
2022-11-02 19:20:00
Учкучу жок " Шахид"терин Украинада сынап коруп. Арабтарга каршы согушту баштаптыр. Перстер кыйын.
0
XATSAN125
2022-11-02 19:39:00
Аззаматтар согушуп олгуло бир тууган деген соз каяка кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан